Баткен шаарында Баткен коогалаңынын 23 жылдыгы белгиленип, каза болгондорго куран окутулду. Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган мекеме ишканалардын жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.
Эскерүү иш-чарасы алгач, эстеликке гүлчамбар коюу менен башталып, облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен коогалаңын кайгыруу менен эскерип, каза болгон жарандардын элеси түбөлүккө сакталып, эрдиктери баа жеткис экенин баса белгиледи.
Андан соң, курман болгон жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун аймагына 1999-жылы экстремисттик уюмдардын куралдуу тобу кол салып, ага жалпысынан 400дөн ашык киши катышып, коогаланда 53 киши каза болгон.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы