Лейлек районунун борбору Раззаков шаарынын 2022-жылдын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын алкагында Раззаков шаарынын жана ага караштуу айылдардын аймагына аялдамаларды куруу аяктады. Мындай маалыматты менен мэрия социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Тактап айтканда Раззаков шаарынын Касым Ата, Т. Эрназаров, Додосьян көчөлөрүнө, Ак-Тилек участкасына, шаарга караштуу Мырза-Патча, Голбо, Катар-Өрүк айылдарына аялдамалар курулуп, пайдаланууга берилди.