Кыргызстан Түркмөнстандан электр энергиясын жана газды сатып алат. Бул тууралуу пленардык жыйында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Депутаттар аткаминерден кышында электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайбы деп сурашты.

«Жок, андай болбойт. ЖЭБтин жана «Кыргызкөмүрдүн» милдети — ОЗП-догу адамдарды жылуулук жана жарык менен камсыз кылуу. Өткөн аптада Түркмөнстанга барып, 2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын берүүгө макулдаштык. Азыр процедуралар бар. Ошондой эле 350 миллион метр куб жаратылыш газын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Биз бааны сунуштадык. Азыр бул маселе боюнча орун басарым Ашхабадда жүрөт», — деди Таалайбек Ибраев.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинде 250 тонна көмүр бар жана алар борбордо жылуулукту туташтырып башташты.