2022-жылдын 26-октябрында 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясына катышкан ИИМдин Ички аскерлеринин ардагерлери жана Ички аскерлеринин колбашчысынын орун басары полковник Б.Айипов Бишкек шаарындагы Баткен баатырларынын элесине арналган эстеликке гүлчамбар коюу аземине, ошондой эле Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында өткөн митинг-реквиемге катышты.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек гарнизонунда жайгашкан башка аскер кызматчылары, Баткен жоокерлеринин республикалык кеңешинин, Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Баткен окуясында курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары келишти.

Митингдин катышуучулары баатырлардын элесин үч жолу мылтыктан ок атуу жана бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Бул күнү Кыргыз Республикасында 1999-2000-жылдары эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу үчүн аскердик милдетин аткарууда курман болгондор эскерилет.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө 1999-2000-жылдары Баткен облусунун аймагындагы согуштук аракеттерге түздөн-түз катышкан ардагерлерди чакыруу менен Баткен жоокерлерин эскерүү күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.
Андан сырткары, Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин айрым аскер бөлүктөрү райондордо жана шаарларда өткөрүлгөн Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чараларына катышышты.

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы