Кечээ, 26 октябрда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында Кыргыз Республикасынын калкынын 7 миллионунчу жараны болгон ымыркайга удаа кыздуу болушкан үй-бүлөдөн кабар алды.

Маалым болгондой, облус башчысы кыздын атасы Кумар Аксокуевди жана апасы Нурлуукыз Бактыбек кызын президент Садыр Жапаровдун атынан куттуктап, 200 миң сомдун сертификатын тапшырды. Ошондой эле кыргыздын салтына ылайык Бакытбек Нарбеков ымыркайдын чоң апасына көрүндүк берип, наристеге кең келечек каалады.

Тарыхый учурда төрөлгөн ымыркайга Сейил деген ысым ыйгарылган. Буга чейин жубайлар 1 кыз, 1 уулдуу болушкан.