Кыргызстандагы мектептердин баарына аскерге чейинки даярдык сабактары киргизилет. Бул туурасында Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаев парламентте билдирди.

Анын айтымында, учурда аскерге чейинки даярдоо сабактары кээ бир мектептерде гана бар.

«Бул боюнча биз өкмөт тараптан тапшырма алганбыз. Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте бул жумуштарды иштеп чыгып, сунуштар берилди. Учурда айрым мектептерде гана окутулат, азыр баарына киргизүү процесси жүрүп жатат. Жакын арада мектептердин баарында аскерге чейинки даярдык сабагы өткөрүлүп калат», — деди Тердикбаев.

Ошондой эле ал учурда мугалимдерди даярдоо жана мектепке кошумча штат киргизүү маселеси каралып жатканын белгиледи.