Бүгүн, 27-октябрда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү кум шекер өндүрүүчү заводдордун жана ири соода түйүндөрдүн өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга «Кайыңды-Кант», «Кошой» ЖЧКлары жана ири соода түйүндөр – «Умай Групп» («Глобус», «Народный», «Достор»), «Яр-Марка», «Боорсок Инвест» («Алма»), «Оптомаркет Шекер» жана «Бай Элим Компани» ЖЧКларынын өкүлдөрү келишкен.
Белгилей кетсек, кум шекерге КНСтин нөлдүк ставкасын колдонуу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында аяктайт.
“Буга байланыштуу, жогорудагы чечимдин мөөнөтү аяктагандан кийин кум шекердин баа маселеси жана кум шекер рыногундагы кызматташуу боюнча жаңы келишим түзүү талкууланды.
Жыйындын жыйынтыгында кум шекердин баасын көтөрбөө, жеңилдетилген бааны эске алуу менен мурдагы деӊгээлде калтыруу, рынок шарты өзгөргөн учурда бааны төмөндөтүү жагына тууралоо чечими кабыл алынды”, – деп билдирди Монополияга каршы кызматы.
Ошондой эле, аталган кызмат өз ыйгарым укуктарынын чегинде, заводдорго жана соода түйүндөрүнө КРнын монополияга каршы мыйзамдарынын нормаларын так сактоону сунуштады.
Булак: kg.economist.kg