Жыл соңуна чейин Бишкек шаарына 120 автобус алып келинет. Бул туурасында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге билдирген.

Анын айтымына караганда, коомдук транспортту сатып алууга шаардын бюджетинен 1 миллион сомго чукул акча бөлүнгөн.

«Тактап айта кетейин, акча жергиликтүү бюджеттен бөлүндү. Автобустарды долбоорлордон сырткары алып жатабыз. Өнөктөштөр менен долбоордун алкагында алынган автобустардын келиши төрт-беш жылга созулуп кетет», — деген Абдыкадыров.

Ал кытайлык компанияга 120 автобустун акчасы төлөнгөндүгүн кошумчалады.

Бишкек мэриясы автобус сатып алууда 155 миллион сом зыян келтирген деген Башкы прокуратуранын айыптоосун четке каккан. Жүздөн ашык транспортту Zhongtong Bus Hoiding Co., Ltd. деп аталган кытайлык компаниядан аларын айтышкан. Тетиктери менен кошо сатып алынса, бир автобустун баасы 91 миң доллар болорун билдиришкен.