Бишкек шаарында 24-28-октябрь күндөрү урологиялык ооруларды аныктоо жумалыгы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Анда айтылгандай, мындай иш-чара жыл сайын Улуттук госпиталдын урологдорунун демилгеси менен уюштурулат. Акциянын алкагында Урология борборунун жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун урологдору келгендерди акысыз кабыл алып, заарасына анализ жүргүзүп, УЗИден өткөрүп, тиешелүү кеңештерин беришкен.
«Акциянын алгачкы күндөрүндө 500 киши медициналык текшерүүдөн өттү. Анда эркектер арасында простатит эң көп аныкталса, аялдар арасында заараны кармай албоо жана бөйрөктөгү киста көп кездешери белгилүү болду. Мындан тышкары, эркектердин тукумсуздугу, заара чыгаруучу каналдардагы таш аныкталды. Мындай учурда бейтаптар андан ары да бардык керектүү текшерүүлөрдөн өтүп, оорусуна ылайык дарыланышы керек«, — деди №2 урология бөлүмүнүн башчысы Марлен Кылычбеков.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги «Өз ден соолугуңа кам көр» аталышындагы акция өтө тургандыгын маалымдаган. Анын алкагында эл урологиялык ооруларды акысыз текшерте алары айтылган. Мындай акция өлкө аймагында 20 жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып, урологдордун текшерүүсүнөн эркектер гана эмес, аялдар да өтө алары белгилүү болгон.