Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёлго Сеул шаарындагы массалык тыгында адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Сеул шаарынын Итэвон районундагы орун алган тыгындын натыйжасында көп сандаган адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жапа чеккендердин тезирээк сакайып кетишин каалайм. Орду толгус жоготуунун азабын, ачуусун тең бөлүшөм”, — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.