Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
«Урматтуу жергиликтүү жамаат мүчөлөрү!
Урматтуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Жергиликтүү жамааттар күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгү жана мамлекеттик бийлик тутумундагы элге эң жакын түзүмү болуп келет.
Жергиликтүү маанидеги маселелердин чечилиши жана жөнгө салынышы, ошондой эле жер-жерлердеги маанилүү социалдык, экономикалык, маданий өзгөрүүлөр түздөн-түз сиздердин катышууңуздар менен болууда.
Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үзүрлүү кызматташуусунун натыйжасында калкыбыздын турмушун жакшыртууга шарттар түзүлүп келет. Сиздердин күнү-түнү тыным албаган эмгегиңиздер элибиздин бакубат турмушта жашоосуна багытталары жалпыга жакшы маалым.
Мындан улам, жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртууда жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттери өзгөчө мааниге ээ деп айтууга толук негиз бар.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформасы көп баскычтуу процесс жана бүгүнкү күндө ал улантылууда.
Аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, мамлекеттик башкаруу менен жергиликтүү өз алдынча башкарууну оптималдуу айкалыштыруу максатында тиешелүү мыйзамдар кабыл алынды.
Алардын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын так ажыратуу, каржылык өз алдынчалыкты жана кадрдык потенциалды бекемдөө боюнча иштер жүрүп жатат.
Ошону менен бирге муниципалдык кадрлар резерви түзүлүп, ага сынактык негизде билимдүү, келечектүү, кесипкөй адистер тандалып алынууда.
Урматтуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадырлуу кызматкерлери, кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм.
Эл турмушун жакшыртууга багытталган ишиңиздердин үзүрүн көрүңүздөр!
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо тилейм!».