Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
«Урматтуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери!
Тармактын кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Өлкөбүздүн бийик тоолуу жана жетүүгө татаал шарттарына байланыштуу, автомобиль транспорту Кыргызстанда транспорт тутумунун маанилүү элементи болуп эсептелет. Ага ылайык, жүргүнчү жана жүк ташуунун 95 пайызы транспорттун негизги бөлүгүн түзгөн автомобиль транспорту менен жүргүзүлөт.
Сиздер өлкөнүн автотранспорт тармагынын стратегиялык максаты –экономиканын бардык тармагында жүк ташууну сапаттуу аткаруу, жүргүнчү жана жүк ташууда коопсуздукту камсыз кылуу менен жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келесиздер.
Транспорттук ишканалардын уюштуруу-укуктук формаларынын түзүмү менен саны ар жыл сайын өзгөрүп турат. Бул транспорттук кызмат көрсөтүүдө атаандаштык принциптери жана реалдуу суроо-талап менен жөнгө салынуучу оптималдуу рыноктун түзүлүшү уланып жаткандыгынан кабар берет. Андыктан, азыркы учурда автомобиль транспорту тармагында аткарыла турган транспорт чөйрөсүндө талап кылынган уруксат кагаздарын электрондук форматка өткөрүү, дүйнө жүзүндөгү геосаясий кырдаалды эске алуу менен кыргыз жүк ташуучулары үчүн жаңы транспорттук коридорлорду пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү, автобекеттерде жүргүнчүлөргө заманбап шарттарды түзүү, экологиялык жактан таза электробустарды алып келүү жана электр кубаттоо инфратүзүмүн түзүү иштери сындуу бир топ иштер турат.
Жол куруу — өлкөнүн экономикалык кайра жаралуусунун ажырагыс бөлүгү. Кийинки мезгилдерде Кыргызстанда чоң-чоң стратегиялык маанидеги жолдорду салып, өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө салым кошуу менен жаркын келечегибизди куруп жатабыз.
Ошентип, өнүккөн жол транспорт тутумун түзүү менен бара-бара транзиттик өлкөгө айлануудабыз. Кыргызстан жакынкы келечекте эл аралык транзиттик мамилелердин иштиктүү катышуучуларынын бирине айланарына шек жок. Учурда чоң долбоорлордун ичинен Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу иштери ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилей кетели. Аталган долбоорду ишке ашыруу Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан багыты боюнча өтмө транзитти камсыз кылат. Ал эми „Ысык-Көл айланма жол алкагын“ куруп бүтсөк, „Батыш Кытай — Батыш Европа“ магистралына чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз. Албетте, мындай олуттуу иш-аракеттердин аркасында жол чарба тармагынын күжүрмөн кызматкерлери турат.
Урматтуу автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлери, сиздердин талбаган эмгегиңиздердин натыйжасында Кыргызстан эли жакынкы келечекте мезгилдин талабына жооп берген заңгыраган заманбап жолдор менен транспорттук сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө ээ болоруна бекем ишенем.
Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм!
Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат турмуш, сыймыктуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.
Өлкөбүздүн транспорт, жол чарба тармагы өнүгүп-өсө берсин!».