Ош шаардык мэриясы башкы суу алгычтын курулушуна экинчи жолу тендер жарыялады
Ош шаардык мэриясы Данги участкасындагы башкы суу алуучу жайды жана таза суу түтүктөрүн курууга экинчи ирет тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайты жазып чыкты. Анда белгиленгендей, документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү: 25-ноябрь саат 15.00дөн кеч эмес.
Эске салсак, августта шаарды нөшөрлөп жааган жана суу ташкындары учурунда таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн мэрия 250 миллион сомго тендер жарыялаган. Долбоор Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан каржыланат.
Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: +996556558060. E-mail: [email protected].
Белгилей кетсек, Ош шаарынын тургундары ачык суу сактагычтын – Папан суу сактагычынан агып чыккан Ак-Буура дарыясынын суусун колдонушат. Жаан-чачын, сел учурунда дарыя булганып, шаарга суу берүү токтотулат.
Шаар бийлиги бир нече жолу суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө аракет кылышкан, бул үчүн алар бюджеттик да, кредиттик да акчаларды тартышкан. 2008-жылы түштүк борбордун мэриясынын УКСсы «Канал алдындагы суу өткөргүч» долбоорун ишке ашырган. Ага шаардык бюджеттен 24 миллион сом бөлүнгөн. Сапатсыз материалдар колдонулгандыктан долбоор ишке ашпай калган.
Экинчи долбоор фильтрация галереясын курууну камтыган. Ага АӨБ 1,7 миллион доллар бөлгөн. Ал да толук аткарыла алган жок. Иш соттук териштирүүдө.
Бул арада шаар бийлиги Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн үчүнчү аракетин жасады. Кийинки долбоордо суу алгычтарды селге кооптуу аймакты айланып өтүп, дарыянын агымынан 2,2 чакырым өйдөгө өткөрүү каралган. Азия өнүктүрүү банкы долбоорду каржылоого макул болуп, 3 миллион доллар бөлгөн.