Бүгүнкү күндө Баткен облусунан эвакуацияланган 276 жаран убактылуу кабыл алуу жайларында жайгашкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 9у Ош шаарында, 46сы Жалал-Абад облусунда, 9у Ысык-Көл облусунда, 52си Чүй облусунда, 160ы Баткен облусунда жайгашкан. Ал эми жарандардын үйлөрүндө 3 миң 736 адам жайгашкан.

Белгилей кетсек, Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран эвакуацияланган, анын ичинен бүгүнкү күндө кичи мекенине 132 миң 767 жаран кайткан.