Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарындагы Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) баатырларына арналган “Wahat Al Karama” (“Ар-намыс оазиси”) комплексине барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабрлады.

Мамлекет башчысы каз катар тизилген Ардак кароол аркылуу өтүп, мемориалга гүлчамбар коюп, БАЭнин өз өлкөсү үчүн курман болгон жоокерлеринин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, дипломаттары менен жарандык кызматкерлеринин элестерине таазим кылды.

Президент Садыр Жапаров комплексти көрүп чыгып, Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырды.