Саясат

Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Абу-Дабиде эки тараптуу документтерге кол коюлду

Бүгүн, 31-октябрда, Абу-Даби шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык өнөктөштүктү тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Алар:

— Кыргыз Республикасында Биргелешкен холдинг компаниясын түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнн ортосундагы макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза талаптарынан өз ара бошотуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ноталар менен алмашуу;

— Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшү боюнча министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму;

— Бишкек шаары (Кыргыз Республикасы) жана Абу-Даби шаары (Бириккен Араб Эмираттары) ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө Макулдашуу;- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Бириккен Араб Эмираттарынын кибер коопсуздук кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү Меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Бириккен Араб Эмираттарынын Финансы министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Борбордук Банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму;

— Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Бириккен Араб Эмираттарынын Ислам иштери жана вакфтар боюнча башкы агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандуму.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button