Бишкекте 30-октябрь күнү пара сууда боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

  

Мелдештин жүрүшүндө спортчулар 25, 50 жана 100 метр аралыктарга эркин сууда сүзүү, брасс, такта менен сүзүү, далы менен сүзүү боюнча жарышты.

Чемпионат майыптыгы бар балдар арасында өтүп, ага жалпы 60 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты.