Роспотребнадзор күз-кыш мезгилинде суук тийүүдөн сактап, иммунитетти бекемдөөгө жардам бере турган сегиз суусундукту атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тизмеге имбирь менен чычырканак же калина, лимон жана бал кошулган бир нече чайдын рецеби кирген. Андан тышкары, кара жана көк чайдын аралашмасына карагай жаңгагы менен жалбыз кошулган бербер чайы да пайдалуу экени айтылды.
Ошондой эле керектүү витаминдерди компоттун түрлөрүнөн да алса болот. Өзгөчө корица кошулган карагат компоту витаминдерге эң бай суусундук экени белгиленген.
Иммунитетти бекемдейм десеңиз брусника менен даярдалган компоттун рецебин сактап алыңыз. Ал үчүн алгач шекер сиробун кайнатып, ага кардамон, корица, лавр жалбырагын жана бир аз калемпир кошуп кайнатуу керек. Андан соң брусника менен жалбызды эзип, кайнап жаткан суусундукка кошуп дагы 20 мүнөт отко коюу зарыл. Даяр болгон компотко бал менен лимон кошуп ичүүгө болот.
Күн сууктаганда ден соолукту чыңдоочу дагы бир суусундук бар. Анын курамына клюква, апельсин жана алма ширеси, жарым лаймдын ширеси, майда тууралган имбирдин тамыры, корица жана мускат жаңгагы кирет. Бардыгын аралаштырып, бир кайнап чыккан соң 10-15 мүнөт жай отто кайнатып аласыз.
Роспотребнадзор тизмектеген пайдалуу суусундуктардын арасына тимьян жана бал менен кургатылган жемиштердин кайнатмасы да кирет. Бул суусундук үчүн кургатылган ар кандай жемиштерди пайдаланууга болот. Аларды жууп, термоско салып, тимьян жана бал кошуп, кайнак суу кошкондон кийин үч саат демдеп иче берсеңиз болот.