Кыргызстан БУУнун электрондук өкмөт жана жарандардын электрондук катышуусу боюнча рейтингинде электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли көтөрүлдү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

2014-жылга салыштырмалуу республика БУУнун мониторингине кирген 193 өлкөнүн ичинен Электрондук Өкмөттү өнүктүрүү индексинин рейтингинде  20 позицияга көтөрүлдү.

Бул Кыргызстандын рейтингде турган бардык убакытындагы эң жакшы көрсөткүчү.

Электрондук өкмөттү өнүктүрүү индекси (EGDI, БУУнун электрондук өкмөттү өнүктүрүү рейтинги) дүйнө мамлекеттериндеги маалыматтык коомдун өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат. Ал электрондук өкмөттүн үч маанилүү аспектисинин көрсөткүчтөрүн камтыйт: онлайн кызмат көрсөтүү, телекоммуникация жана адамдык потенциал. Өлкөдөгү веб-сайттардын өнүгүү моделдерин баалоо менен бирге, индекс жеткиликтүүлүктүн өзгөчөлүктөрүн (инфраструктура жана билим деңгээли) камтыйт, мамлекеттин калктын жеткиликтүүлүгүн жана катышуусун жогорулатуу үчүн маалыматтык технологияларды кантип колдонорун талдоо.

«Жарандардын электрондук катышуу рейтингинде Кыргызстан 79-орунду ээледи (e-Participation Index, EPI). EPI индекси EGDIди толуктайт жана жарандардын суроо-талап менен же суроосуз ачык маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн, мамлекеттик саясаттарды жана кызматтарды талкуулоого катышууну жана саясаттар, кызматтар жана алар кантип жеткирилгендиги жөнүндө биргелешкен электрондук чечимдерди кабыл алуу аркылуу калктын мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырат”,- дейт министрлик.