Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда, өлкөнүн ички иштер органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери! Милициянын кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Дээрлик бир кылымга тете мезгилде кыргыз милициясы канчалаган оор сыноолорго татыктуу туруштук берип, ары даңазалуу, ары сыймыктуу жолду басып өттү. Бүгүнкү күндө дагы элибиздин бакубат турмушун камсыз кылуу үчүн өз өмүрлөрүн тобокелге салып, күнү-түнү иштеп жаткандыгын ыраазычылык менен баса белгилейм.

Өлкөбүздүн бүтүндүгүн коргоодо Баткен жергесинде канын-жанын аябай курман болгон Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин көрсөткөн эрдигине башымды ийип таазим кылам. Алардын эрдиги элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып, өсүп келе жаткан муунга үлгү катары кызмат өтөйт.

Маркум баатырларыбыздын үй-бүлөлөрү жана жакындары дайыма мамлекетибиздин көңүл борборунда болуп, камкордукка алынат.

Акыркы убакта кыргыз милициясынын көптөгөн жакшы өзгөрүүлөргө жана жаңыланууларга кадам таштаганы калк арасында туура кабыл алынып келет. Санариптештирүү маселесинин колго алынышы, заманбап технологияларды жана алдынкы ыкмаларды колдонуу менен жарандардын коопсуздугун, алардын укуктарын сактоо боюнча алгылыктуу иштердин жүргүзүлүп жатканы учурдун талабына ылайык жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде мамлекет тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык жана экономикалык жактан колдоо жана коргоо багытында бир катар максаттуу иштер жасалып жатат. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан баштап кызматкерлердин айлык акылары жогорулатылды. Ошону менен бирге эле министрликтин, айрыкча алыскы аймактардагы түзүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртууга олуттуу көңүл бурулууда.

Биз бүт өмүрүн коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө арнаган ардагерлерибиздин Мекен үчүн жасаган көп кырдуу эмгектерин дагы унутпайбыз. Аларга ар дайым сый-урмат көрсөтүүнү парзыбыз деп билебиз. Учурда ардагерлерибиз бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, коомдук тартипти сактоого бараандуу салым кошуп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдирем.

Урматтуу милиция кызматкерлери!

«Менин милициям мени коргойт« деген учкул сөздүн маанисине жараша эл мүдөөсүн орундатуу зарыл. Элдин мындай бийик баасына татыктуу болуу үчүн сиздерден акыйкаттык, адилеттик, кесипкөйлүк жана талыкпас эмгек талап кылынат. Ар бир жарандын коопсуздугун камсыз кылып, укуктарын коргоо дайыма сиздердин — милиция кызматкерлеринин көңүл чордонунда болушу керек!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, кажыбас кайрат, ишиңиздерде ийгиликтердин болушун каалайм.

Күнөстүү Кыргызстаныбызда тынчтык өкүм сүрсүн!».