Апама көпкө таарынып жүрдүм. Аны издедим, жытын сагындым, башыман сылап, ыйласам көз жашымды аарчып сооротконун сагындым. Анын атам экөөнүн эки жолго түшкөнү мага дагы деле сыр бойдон калып келет.

Тоокторго жем чачып, короо тарапка барсам кошунанын арык жээкте отургузулган кызыл алмасы биздин короого түшүптүр. Жаңы эле алманы алып, арыктагы сууга жууп тиштей электе кошуна эженин ачуу кыйкырыгы кулагыма угулду:

– Дагы алманы күүп жатасыңбы? Өзүңөрдүн көк алманы барып күүп түшүр, сенин айыңдан алма жей алчудай эмеспиз! – деп башка да бир топ сөздөрдү кобуранып жатты.

Колумдагы алманы арыктын жээгине ыргытып жиберип, үйдү көздөй чуркап кеттим. Менин апам азыр жанымда болгондо мени коргоп чыкмак деген ой мээмди ээлеп, тамагыма ачуу нерсе тыгылып, көзүмдөн жаш тып этип кечке топуракка ойноп капкара болуп кесилген колума тамды. Бул убакта мен 2-класста окуйт элем. Андан бери көптөгөн жылдар өттү, апамды күттүм келбеди. Мендеги сагыныч бара-бара таарынычка айланды. Атамдан “апам кайда” деп сурагандан коркор элем. Кээде кошуна эже балдарын кыйкырып урушканда “апа деген уруша берет турбайбы, жакшы менин апам жок мага да ушинтип кыйкырат эле да” деп ойлоп койчумун. Бирок, мен ар убак эне мээримине суусап турар элем.

Атам мага баардык нерсени үйрөттү. Эртең менен жумушка кетип кечинде келет. Айлык алган күндөрү таттуу ала келчү. Бирок мүнөзү катаал эле. Мен 15 жашка чыгып өзүмдү чоң сезип,  кечинде балдар менен жолугуп түн бир оокумда үйгө келсем уктабай күтүп отуруптур.

– Сен да апаңдын жолун жолдойсуң го бул жүрүшүңдө. Апаң да бир кезде ушинтип басып жүрүп көп баскан буту чок басып алды, – деди да мени көзүнүн кыры менен карап бөлмөсүнө кирип жатты.

Көпкө ойлондум. Эмнеге атам апамды көп басат деди? Кызык апам эмнеге такыр дайынын билдирбейт? Акыркы ирет 6-класста окуп жатканда мектепке келип жолугуп кеткен.

Күн өтүп бой жеткен сайын апамды көп ойлоп, атама билгизбей издей баштадым. Акыры апам менен жолуктум. Жолугууга бара жатканда ар кандай ойлор келди. Бир чети мени таштап кеткен адамды жакындан көргүм келди, балким башка балдары бар чыгар деп да ойлодум. Бирок, менин ойлорум баары теңирден тескери чыкты. Апам байкуш мени чоңойгондо келет деп иштеп мага кам көрүп үй алып, ал тургай окуу жайга окутам деп акча топтоп жүрүптүр.

Башында апам менен жолукканымды атама айта албай жүрдүм. Атам өзү эле байкап билип койду. Бирок, мурдагыдай урушпады, “чоңойдуң, өзүң чечим кабыл ал” деп эле тим болду. А мен атам менен апамдын ар убак жанымда чогуу болуусун каалайм.  Азыр экөөнө тең барып, экөөн бирдей карайм. Апамдан атам экөөнүн ортосунда эмне болгонун сурагым келген жок. Тескерисинче экөөнү элдештирүүнүн айласын издеп жүрөм. Жаштары деле бир топко келип токтолуп калышты. Экөө эки жакта эч кимге баш кошпогонуна караганда бири-бирин күтүп жүргөндөй. Атам бир ирет мас болуп досторуна айтканы эсимде, “мен эч качан кеткен катындын артынан жалдырап барбайм, өзү кеттиби, өзү келсин деген”.  Апам да деле намыс бар, ал деле ушунча жыл “өзү келсин” деп жүргөн чыгаттыр. Адам баласы кээде болбогон кур намыстын курмандыгы болуп жүрө берет окшобойбузбу.

Жазгүл Баяналиева

 Бул баян “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.