Кыргыз Республикасынын УКМК Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» МИ Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдарына карата, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Такталгандай, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын аймактык органдарынын кызмат адамдары, көп убакыттан бери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнүн жүктөлгөн кызматтык милдеттерди адилетсиз аткарып, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорго асфальт-бетон төшөлмөсүн монтаждоо боюнча негизсиз, ашыкча баалоо боюнча кылмыштуу схеманы уюштурушкан.

Бул иштин алкагында, тиешелүү текшерүүлөр дайындалып, жыйынтыгында 12 миллион сом өлчөмүндө алдын ала зыян аныкталган. Буга байланыштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарынын жумуш орундарында тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.