Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зулхарнеев менен муктаж адамдарга жардам берүү долбоорлорун талкуулады, деп билдиришти ведомстводон.

Альберт Зулхарнеев социалдык камсыздоо саясатын өнүктүрүү үчүн «Россотрудничество» мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди.

«Бүгүнкү күндө федералдык деңгээлде гана 50дөн ашык уюмдар жардамга муктаж адамдардын жашоосун жакшыртуу үчүн ар кандай долбоорлорду ишке ашырып жатышат. Мисалы, «Кубаныч менен карылык» уюму улгайган жарандарга жардам берүү үчүн каражат чогултат, айрым КЭУлар майыптыгы бар адамдарга колдоо көрсөтүшөт. Ошондой эле, «Россотрудничество » Россиянын бардык 89 регионундагы уюмдар менен иштешет.

Биз тажрыйба, жөндөм жана билим менен бөлүшүүгө даярбыз. Жакынкы арада Кыргызстанга Ханты-Мансийск округунан 6 ыктыярчы алып келүүнү пландап жатабыз. Элдин кантип мобилизациялоону билери мени таң калтырды, ошол эле учурда адамдар өз алдынча болууну билишет. Бул биз сизден үйрөнүшүбүз керек болгон уникалдуу сапат»,- деди Альберт Зулхарнеев.

Кудайберген Базарбаев россиялык ыктыярчыларды Баткен облусуна барууга жана ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы аскердик жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүп жаткан социалдык кызматкерлер үчүн тренингдерди өткөрүүгө чакырды.

«Президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий –адеп –ахлактык жана дене тарбиясы жөнундө» биринчи жарлыгына ылайык, биздин министрлик эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте жарандардын материалдык абалын жакшыртууга гана эмес, жашоого карата сергек, позитивдүү мамилени өрчүтүүгө тийиш болгон долбоорлорду ишке ашырып жатат.

Бүгүнкү күндө Баткен облусуна жардам көрсөтүү өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Биздин биргелешкен ишибиз жарандарыбызга ишеним артууга, алардын рухун көтөрүүгө, өнөктөштөрүбүзгө үлгү болууга жардам берет», — деп белгиледи министр.