Кыргызстанда аба-ырайынын бузулушуна байланыштуу бир катар ашуулар убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгын күчөтүү максатында жергиликтүү райондук администрацияларынын макулдашуусу менен төмөнкү ашуулар убактылуу жабылды:

— Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы “Сары-Кыр” ашуусу – 2022 жылдын 18-октябрынан баштап, аба-ырайы жакшырганга чейин каттам үчүн жабык;

— Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун Калмак-Ашуу бели – 2022 жылдын 14-октябрынан баштап, аба-ырайы жакшырганга чейин каттам үчүн жабык;

— Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун Кында ашуусу – 2022 жылдын 1-ноябрынан баштап 2023 жылдын 1-апрелине чейин жабылды.