Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде “Кемпир-Абаддын суусун кыргыз тарап тазалайт” деген айың кептерге жооп берди.

Президентке депутат Адахан Мадумаров “Сууну кыргыз тарап тазалайт экен, форс-мажор болсо горизонталь белгиси өзгөрө берет экен” деген маанайда ЖМКга билдирүү жасаганы тууралуу суроо узатылды.

“Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп каларын билбейт. Бул жердеги форс-мажор деген сөз боюнча, өткөндө – ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 см көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коет. Ушундай учурларды гана”, — дейт өлкө башчы.

Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычында суу азайышы мүмкүн, бирок горизонталь белгиси 900дөн өйдө көтөрүлбөй турганын белгилеп өттү.

“Ал эми “сууну биз тазалап берет экенбиз” дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз. Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт”, — деди мамлекет башчы.

Булак: Кабар.кж