Экономика жана коммерция министрлиги жарандык жана кызматтык куралга, ошондой эле анын огуна милдеттүү түрдө сертификат берүү тартибин бекитүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Токтому долбоорунда жарандык жана кызматтык куралга милдеттүү турдө сертификат берүү тартибин, анын огун, ошондой эле милдеттүү турдө сертификат бериле турган конструкциялык жактан куралга окшош буюмдардын тизмесин бекитүү сунушталууда.

Негиздеме-маалым катта жазылгандай, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, республиканын аймагына алынып келген жана республикадан ташылып чыгуучу жарандык жана кызматтык куралдын бардык моделдерине жана алардын патрондоруна, ошондой эле конструкциялык жактан куралга окшош буюмдарга милдеттүү түрдө сертификат алыш керек.

Евразия экономикалык биримдигинин аймагына жарандык жана кызматтык куралды, анын негизги бөлүктөрүн, патрондорун ташып келүү жана аларды Евразия экономикалык биримдигинин аймагынан ташып чыгуу жөнүндө жобо бекитилген. Жобого ылайык, курал-жаракты экспорттоодо же аны ички керектөө үчүн чыгарууда бажы органына корутунду (уруксат берүүчү документ) берилиши керек.

Лицензия берүү ишин Экономика жана коммерция министрлиги аткарат.