Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кесиптештерин совет бийлигинен четтеп, бири-бирин же жогорку бийлик өкүлдөрүн аты-жөнү менен атагандан ордуна, нукура  кыргыздын маданиятына таянуу менен  сый мамиле кылууну сунуштады.

«Жакында эле бул жерде, Жогорку Кеңеште бир депутат мамлекет башчысын урматтоо да маданият экенин айтты. Ыйык китептерде ушундай деп жазылган. Мен теолог эмесмин, теологиялык билимим да жок, бирок мамлекет башчысын эле эмес, анын лидерин да сыйлап, баш ийиш керек дегенди окудум, колу жок, буту жок кул болсо да. Мында береке бар”,-дейт Нуржигит Кадырбеков.

«Негизи биз мурунку президенттерибиздин баарына лакап аттарды бергенбиз: Акаевге, Бакиевге, Отунбаевага, Атамбаевге, Жээнбековго. Бул биздин жүрүм-турумубузга, маданиятыбызга байланыштуубу, билбейм», — дейт эл өкүлү.