Бүгүн, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүйдө +9…+14,
Таласта +7…+12,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11…+16,
Ысык-Көлдө +8…+13,
Нарын аймагында +6…+11 градус болору айтылды.
Бишкекте +12…+14 градусту көрсөтөт.