Маалыматтык стендде көрсөтүлбөгөн курс боюнча чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга тыюу салынат. Бул тууралуу Улуттук банктынн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, накталай чет өлкө валютасын улуттук валютага алмаштыруу үчүн сатып алуу жана сатуу ачык келишим принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Башкача айтканда, маалыматтык стендинде көрсөтүлгөн курсу боюнча ишке ашырылат. Алмашуу операциясын жүргүзүү мүмкүн болгон шартта, чет өлкө валютасын сатып алуудан же сатуудан баш тартууга жол берилбейт.

Алмашуу бюролору тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган учурларда Улуттук банк тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөт.