Бишкекте кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзбек кесиптеши Владимир Норов менен жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапарынын алдында эки өлкөнүн облус жетекчилеринин кеңири катышуусунда өткөрүлөт. Форум эки мамлекеттин бизнес жана ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү максатында уюштурулууда.

«Биз кыргыз-өзбек көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да кеңейтүү боюнча өз ара умтулуубузду ырастадык. Мунун жаркын ырастоосу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерде тарыхый мааниге ээ боло турган стратегиялык документтерге бүгүнкү кол коюу болуп саналат», — деди Жээнбек Кулубаев.

Эске салсак, Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Бишкекке расмий иш сапары менен келген.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.