Россиянын президенти Владимир Путин Түркмөнстандын Элдик Маслахаты Милли Генгештин (Түркмөнстан парламентинин жогорку палатасы) төрагасы, Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовго IV даражадагы «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» орденин тапшырды. Бул тууралуу алардын жолугушуусунан кийин Кремлдин сайты жазып чыкты.

«Сиздин жетекчилигиңиз менен өткөн жылдарда чогуу жетишкен натыйжаларыбыз менен сыймыктанабыз. Сиз биздин мамилелердин өнүгүшүнө абдан жакшы түрткү бергениңизди жана жаңы президенттин келиши менен бул динамика азайбай жатканын белгилегим келет. <…> Бул абдан жогорку сыйлык, биздин мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымыңызга толугу менен дал келет», — деди Путин.

Бердымухамедов Путинге ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысы Сердар Бердымухамедовдун «эң жылуу сөздөрүн, каалоолорун» айтты.

Түркмөнстандын мурдагы президентин “Россия Федерациясы менен Түркмөнстандын стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого кошкон зор салымы үчүн” ордени менен сыйлоо тууралуу жарлыкка Путин августтун аягында кол койгон.