Бишкектин “Алга” кыздар командасы футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Финалдык этапта Бишкек шаарынын командасы жети упай топтоп, 1-орунду камсыздады.

Ал эми Оштун “Каганат” командасы экинчи, Ысык-Көлдүн курамасы үчүнчү орунга илинди.

Сыйлоо аземинде медалды жана кубокту Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча футбол ассоциациясынын өкүлү Эркин Нариев тапшырышты.

Ошондой эле төмөнкү оюнчулар өзгөчө сыйлык алышты:

Мыкты дарбазачы — Виолетта Дудочкина (Алга);

Мыкты коргоочу — Фатима Тургунбаева (Каганат);

Мыкты жарым коргоочу — Кымбат Өмүрбекова (Ысык-Көл);

Мыкты чабуулчу — Махабат Дайырбекова (Юность);

Бомбардир — Медина Рысбекова (Ысык-Көл);

Мыкты оюнчу — Нурсулуу Мурзакулова (Алга);

Мыкты машыктыруучу — Диана Черепанова (Каганат).