Борбор калаада үй-жайы жок көчөдө калып, селсаяктык кылгандар үчүн баш калкалоочу жай уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Октябрь районунун аймагында, тагыраагы, 12-кичи райондогу Токомбаев көчөсүндө 82 адамга ылайыкталган жай пайда болду. Ал күн сууктап келе жаткандыктан 330 чарчы метр аянтка ачылган.
Үч имараттын ичинде селсаяктык кылгандарды кабыл алуу үчүн даярдык көрүлүп, оңдоп-түздөө иштери жасалган. Имараттардын ичин жылуу кармаш үчүн «Бишкек жашыл чарба» ишканасы отун менен камсыздоо иштерин жүргүзүүдө. Андан сырткары, жашоо-турмушка керектүү оокаттар, чарбалык буюмдар, биринчи жардам көрсөтүү үчүн дары-дармектер жеткирилген. Мэриядан учурда ал жерде 52 киши жашап жатканын билдиришти.
Баш калкалоочу жайдагылар үчүн төмөнкүдөй шарттар бар:

бир маал ысык тамак (кечинде) берилет;

жуунуу, чачын кырктырууга (душ ачылып, аристон коюлган) болот;

медициналык текшерүү;

ооруканага жаткыруу;

үй-бүлөсүнө кайтаруу;

документтерин калыбына келтирүү;

ишке орноштуруу.

Аталган жердегилерге медициналык жардам көрсөтүү милдети Октябрь районундагы №8 үй-бүлөлүк медициналык борбордун кызматкерлерине жүктөлгөн. Ал эми нөөмөтчүлүк кылып жана жарандардын ким экендигин аныктоо боюнча Октябрь райондук ИИБи иш алып бармакчы.