“Унаа” мамлекеттик мекемеси 7-8-ноябрь күндөрү иштебейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Военно-Антоновка айылындагы “Риом” автобазарында жана Бишкектин Б.Алыкулов көчөсү, 3/10 дарегинде жайгашкан “Унаа” мекемеси 5-6-ноябрда кадимки режиминде: саат 8:30дан 17:30га чейин иштейт, тыныгуу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн майрамдоого байланыштуу 7-8-ноябрда “Унаа” мекемеси бүт республика боюнча иштебейт.