Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги “Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштоодо. Ал «Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» дагы бир документти ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда. Башкармалык бул мамлекеттик маанидеги иш-чара экенин белгиледи.

Авторлор милдеттүү камсыздандыруу системасын күчөтүү жарандарга өзгөчө кырдаалдар учурунда келтирилген зыяндын ордун өз убагында төлөп берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт дешет.

Экономика министрлиги өзгөртүү киргизүүнүн максаты калкты турак-жайды милдеттүү камсыздандыруу менен максималдуу түрдө камтуу жана жарандарды күтүлбөгөн жагдайлардан жана өзгөчө кырдаалдар учурунда кыймылсыз мүлккө келтирилген зыяндан социалдык да, камсыздандыруу жагынан да коргоо болуп саналат деп эсептейт.

МКК камсыздандыруунун бул түрүн өнүктүрүүгө чоң жардам бере алат. Мамлекеттик каттоо кызматында жыл сайын 300 миңден ашык кыймылсыз мүлк операциялары жасалат.

Долбоор кабыл алынса, мамлекеттик каттоодон өткөрүүнүн эрежелерин бекитүү жөнүндө министрлер кабинетинин токтомуна түзөтүүлөрдү киргизүү талап кылынат. Иштеп чыгуучулар жарандарды турак жайды милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алууга шыктандыруу үчүн кыйыр механизмдерди колдонуу зарыл экенин белгилешет.

Сунушталган мыйзам долбоорунда кыймылсыз мүлккө бүтүмдөрдү жасоодо же кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана укуктарды чектөөнү мамлекеттик каттоодо камсыздандыруу полисин МККга берилүүчү документтердин тизмесине киргизүү милдеттүү түрдө болоору белгиленген.