Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов КМШ мамлекеттериндеги кесиптештерине чек арага жакын жерде (эгерде бул КМШнын тышкы чек араларына тиешелүү болбосо) танк, артиллерия, ракеталык система сыяктуу аскер техникаларынын турушуна чектөө киргизүүнү сунуштады.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Иманкулов Москва шаарындагы КМШга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын мааракелик онунчу жолугушуусуна катышкан.

Анда Иманкулов учурдагы чакырыктар менен коркунучтарга токтолуп, алар барган сайын көп багыттуу жана кооптуу болуп баратканын белгилеген. Ошондой эле ар бир мамлекет бир заматта геосаясий оюндардын куралына айланып кетиши мүмкүн экенин эскерткен.

«Мындай коркунучтарга бир өлкө жалгыз туруштук бере албайт. Эл аралык коопсуздук кимдир бирөөнүн агрессивдүү амбицияларынан көз каранды болбошу керек. Дестабилдештирүү аракеттерине натыйжалуу каршы туруу зарыл», — деген ал.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы КМШ форматында компетенттүү түзүмдөрдүн ортосунда ыкчам маалымат алмашууну күчөтүп, өз ара ишенимди бекемдөө керектигин кошумчалаган.