Бүгүн, 4 –ноябрда Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик окуу жайы Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан улам курман болгондордун элесине таазим кылуу жана эскерүү максатында “Мекеним Баткенден башталат” аттуу иш-чара уюштурду.
    
Ага чек-ара жаңжалынан улам, Баткен облусунан убактылуу Бишкекте жашап жаткан айрым үй-бүлөлөр чакырылган.
Иш-чарага ошондой эле, УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык районунун башчысы Максатбек Сазыкулов катышып, Баткендик мекендештерге дем-күч берип, окуу жайдын жамаатына жана окуучуларына жылуу сөздөрүн айтышты.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде болгон кандуу окуяны эскерип, элибиздин мекенчил баатырлары жана ошол кол салуудан шейит кеткен жарандар тууралуу сөз сүйлөдү. Андан соң, Баткенден келген төрт үй-бүлөгө материалдык жардамын тапшырды.
Ал эми, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов Баткен жеринен чыккан композитор, обончулардын көпчүлүгү туулган жер, кичи мекени Баткенди даңктап келишкенин А. Жайнаковдун “Кыргыз жери”, Б. Тургунбаевдин “Туулган жерге”, М. Козубаевдин “Баткен бүгүн башкача” ырларынын мисалында баса белгилеп, мындан ары да Баткен жергесин, мекендин улуулугун, ыйыктыгын даңктап акындар ыр жазып, обончулар ырдай беришин каалап, “мекенден ыйык нерсе жок, Кыргызстандын чегинде ынтымактын гана ыры ырдалсын»- деп сөзүн жыйынтыктады.
Иш- чаранын жүрүшүндө иш-чараны демилгелеген музыкалык окуу жайдын жамаатына ыраазычылык айтылып, бир катар кызматкерлерине Министрликтин ведомстволук сыйлыгы тапшырылды.
Окуу жайдын жетекчиси Советжан Асанкадыр Баткен облусундагы чек ара маселеси боюнча курч кырдаалдын алгачкы күндөрүнөн тартып окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамы бир күндүк эмгек акысын которушканын, окуучулар Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда ыктыярчы болуп иштешкенин белгилеп өттү.
Андан соң, конокторго окуу жай тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, ата-мекен, жоокерлер тууралу дүйнөлүк классикадан тартып, ата мекендик ырлардын мыкты үлгүлөрү жаңырды.