Сузак районунуну тургуну Орунбү Маматованын мындан үч ай мурун 7 баласы менен авариялык абалдагы эки бөлмөлүү үйдө жашап жатканы тууралуу видеотасма социалдык тармактарга тараган. Андан соң, көп балалуу эне “Регион” телеканалы аркылуу коомчулуктан жана Камчыбек Ташиевден жардам сурап кайрылган.

Эненин үнү Камчыбек Ташиевге жетип, маселе оң тарапка чечилип, анын демөөрчүлүгү жана көзөмөлү астында, көп балалуу энеге Кызыл-Туу айыл аймагынан жер тилке бөлүнүп, бир ай аралыгында жаңы үй курулду. Бүгүн, 6-ноябрда, УКМК төрагасы ак өргөнүн ачкычын Орунбу Маматовага тапшырды.

Мындан 4-5 жыл мурун Маматованын уулу жана жолдошу кайтыш болуп калган. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары дагы бул үй-бүлөдөн кабар алып тураарын айтты.

Жаңы тамдын ачкычы жана тийиштүү документтери жергиликтүү тургундардын, аксакалдардын катышуусунда өттү. Турак-үйлүү болгон энеге жана демөөрчүлүк кылган Камчыбек Ташиевге аксакалдардын ак батасын беришти.