Кыргызстанда соңку беш жыл ичинде жалпыга маалымдоо каражаты катары катталган субъектилердин саны дээрлик 12 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

7-ноябрь — Маалымат жана басма сөз күнүнө карата комитет өлкөдөгү ЖМКлар жөнүндөгү статистиканы жарыялады.

«2022-жылдын башына карата Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаты катары 1,8 миң субъект катталып, бул көрсөткүч акыркы беш жыл аралыгында ЖМКлардын саны 12 пайызга өскөндүгүн билдирди. Көз карандысыз 177 телерадиокомпания ишке киргизилген», — деп айтылат мекеменин маалыматында.

Анда быйыл кыргыз журналистикасынын түптөлгөнүнө 98 жыл болгону белгиленген.

«ЖМКлардын, полиграфия, радио жана телеберүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы 1924-жылы кыргыз тилиндеги улуттук «Эркин-Тоо» гезитинин биринчи номеринин чыгышынын урматына белгиленген. Өлкөдө китеп басып чыгаруу иштери да XX кылымдын 20-жылдарында башталган. 2021-жылы 685 миң нуска менен 800 китеп басылып чыккан болсо, анын 54 пайызы кыргыз тилинде», — дешти Улуттук статистикалык комитеттен.

Мындан тышкары, мекеме бул жылдар аралыгында 72 миң нуска менен 29 журнал чыкканын, анын ичинен үчөө кыргыз тилинде экендигин кошумчалады.