ТҮРКСОЙ уюмунун Туруктуу кеңешинин XXXIХ жыйынында 2023-жылы СССРдин эл артисти, кыргыздын айтылуу актрисасы Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын белгилөө тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Жыйын 5-ноябрь күнү Түркиянын Бурса шаарында өткөн. Эскерте кетсек, быйыл уюмга аталган мамлекет төрагалык кылууда.

Иш-чарага Азербайжан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр, Казакстан мамлекеттеринин маданият министрлери жана бир катар уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Натыйжада Бакен Кыдыкеева менен бирге казак композитору Темирбек Жургеновдун 125 жылдыгы, түрк акыны Мехмет Акиф Эрсоянын 150 жылдыгы, агартуучу Бирунинин 1050 жылдыгы, кипрлик сүрөтчү Исмет Вехит Гюнейдин 100 жылдыгы белгиленмей болду.

Жыйындын жүрүшүндө Өзбекстан менен Түркмөнстан уюмдун туруктуу мүчөлүгүнө кабыл алынган. 2023-жылы Түрк дүйнөсүнүн борбору болуп Азербайжандын Шуша шаары белгиленди. Ал эми ар кыл деңгээлдеги маданият борборлору болуп Хива, Астана, Эскишехир, Казань, Мерв, Шеки, Түркстан, Кастамону жана Ош шаарлары аныкталган.

Мындан тышкары, кийинки жылы Шуша шаарында өтө турган иш-чаралар талкууланганы айтылды. Эскерте кетсек, 2023-жылы аталган уюмдун түзүлгөнүнө 30 жыл толот.

Маалыматта КР маданият министри Алтынбек Максутов Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандын министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөнү белгиленди.

Соңунда түрк дүйнөсүндөгү «Коркут Ата» кинофестивалынын жыйынтыгы чыгарылып, кыргызстандык Таалайбек Кулмендеевдин «Үй сатылат» кинокартинасы сыйлыкка татыды.