Жумуштан катуу чарчоо адамды депрессияга жеткирип, ичеги-карын ооруларын пайда кылат. Ошондой эле өнөкөт ооруларды козгоп, иммунитетти алсыратат. Мындан улам адам көп тумоолошу ыктымал. Бул тууралуу дарыгер Елена Горинанын айтымына таянып «Известия» басылмасы жазды.

Дарыгер адам жумушунан тажап, дайыма стресс болгондо катуу чарчаарын белгилеген.

«Бул учурду айрымдар олуттуу кабыл албай көңүл кош мамиле кылып жүрө беришет. Бирок эл аралык деңгээлдеги медиктер аны синдром деп тааныган. Жумуштан катуу чарчоо ден соолукка психологиялык жактан эле эмес, бардык жактан зыян», — деген Горина.

Адистин айтымында, эгер адам жумуштан кеткиси келип, эч нерсеге көңүлү чаппай калса, анда, демек, иштен катуу чарчаган синдромго кабылган. Буга чейин тобокелчилик тобуна медик, социалдык кызматкерлер, педагогдор кирсе, азыр бул тизме кеңейгени кошумчаланды.

«Мындай синдромго кабылган кишинин табити жоголуп, уктай албай, башы көп ооруйт. Бул учурда адам чылым көп чегип, спирт ичимдиктери менен өзүн алаксыта баштайт. Алар сөзсүз түрдө ден соолукка зыянын тийгизет», — деген дарыгер.

Ошондой эле иштен тажап, чарчаган адамдын иммунитети түшүп, өнөкөт оорулары бар болсо, алар козголо турганын кошумчалады.

Буга чейин адистер мындай абалдан чыгуу үчүн адам жумушу менен үй-бүлө, хоббинин ортосундагы балансты сакташы керектигин, тагыраагы, аларды чогуу алып кеткенге аракет кылганы оң экенин айтышкан.