Ошто айлыгын кечеңдеткени үчүн жетекчисин өлтүргөн Кытай жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-ноябрда саат 10:00 чамасында Ош шаарынын А.Навои кѳчѳсүндѳ жайгашкан “Пекин” мейманканасында 1978-жылы туулган Д.Ж. аттуу Кытай жараны киши колдуу болуп каза болгон.

Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары анын жердеши, Кытайдын 1980-жылы туулган жараны К.П. кармалды. Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгын моюнуна алып, анын бул кылмышка баруусуна өз ара келишпестиктер себеп болгондугун билдирген.

Тагыраак айтканда, шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, маркум анын жетекчиси болгон жана көп айлык кызмат акысын бербей жүргөн. Бул көрсөтмөлөр тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча ыкчам тергѳѳ тобу барып, кароо жүргүзүлүп, маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланууда, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.