Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын жана Стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын алкагында транспорт, бажы иши, санариптештирүү тармагындагы келишимдерге жана документтерге кол коюу, ошондой эле ТМУ жана Эл аралык Түрк Академиясында бир катар кызматтарга дайындоо пландалууда.

Ошондой эле Саммиттин жүрүшүндө Уюмдун башкы катчысы кызматына Кыргыз Республикасынын өкүлү Кубанычбек Өмүралиевди дайындоо чечими кабыл алынат.

Өзбек тараптын төрагалыгы астындагы Саммиттин ишине Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын башчылары катышат.

Алдыдагы Саммиттин ишине Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы ТМУдагы байкоочу статусуна ээ өлкөлөр катары катышат.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.