Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк компанияларды аралыктан салыктык каттоодон өтүүгө жана республикада электрондук кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн кошумча нарк салыгын (КНС) төлөөчү болууга чакырат.

Аралыктан каттоону Салык кызматынын vat.salyk.kg сервиси аркылуу жүргүзүүгө болот. Каттоодон өткөндөн кийин, чет өлкөлүк уюм идентификациялык салык номерин жана жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн алат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы ушул жылдын ичинде бир катар ири уюмдардын, анын ичинде Alibaba, Meta, Netflix, Google, Amazon электрондук почталарына салыктык каттоодон өтүү жана Кыргыз Республикасында кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө ишке ашыргандык үчүн КНС төлөөчү болуу сунушу менен расмий каттарды жөнөткөн.

Бирок, тилекке каршы аталган компаниялар бир нече ай бою Салык кызматынын «Google салыгын» төлөө талабын четке кагып келишкен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда электрондук кызматтарды көрсөткөн 18 чет өлкөлүк компания www.vat.salyk.kg сервисинен КНС төлөөчү катары аралыктан каттоодон өткөн. Анын ичинде Бириккен Араб Эмираттарында (4), Нидерландияда (3), АКШда (2), Улуу Британияда (2), Россияда (2), Ирландияда (1), Арменияда (1), Казакстанда (1), Кипрде (1), Латвияда (1) катталгандар.

«Google салыгы» деп аталган Кыргызстанда катталган, домендик аталышты же IP-дарегин пайдаланбастан электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмдарды билдирет, алардын жеткирүүчү жери Кыргыз Республикасынын аймагы болуп таанылат.

КНС ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12% түзөт.