Кыргызстанда социалдык маанидеги товарлардын баасы турукташты. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы эки айда кумшекер, өсүмдүк майы, ун сыяктуу товарлардын баасы төмөндөө тенденциясына ээ болду. Бүгүнкү күндө республика боюнча кумшекердин килограммынын орточо баасы 88,2 сомду түзөт. Заводдор кант кызылчасын кайра иштетип жатышат, республикада продукциянын кору жетиштүү өлчөмдө.

Ошондой эле өсүмдүк майынын баасы дагы төмөндөө тенденциясына ээ. Ооктябрь айында бир литри орточо 154 сомдон сатылса, бүгүнкү күндө 153 сомдон сатылууда. Ири берүүчүлөрдүн орточо айлык запасы бар жана соода мекемелери өсүмдүк майын чектөөсүз сатууда.

Күйүүчү-майлоочу май базарында баанын төмөндөшү байкалууда. Нефтетрейдерлердин айтымында, республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар. Республика боюнча А-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы 61,6 сомдон болууда. Рыноктогу кырдаалга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп, рыноктун катышуучулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

«Социалдык маанидеги товарлардын баасы турукташып, акыркы эки айда кант, өсүмдүк майы, ун сыяктуу товарлардын баасы төмөндөөдө. Баанын төмөндөшүнө мамлекет тарабынан көрүлгөн бир катар чаралар, атап айтканда, КНСти нөлгө түшүрүү, ошондой эле экспортко тыюу салууну киргизүү таасир эткен. Мындан тышкары, кумшекерди сатуу боюнча өндүрүүчүлөр, импорттоочулар, чекене түйүндөр, ошондой эле ун өндүрүү жана сатуу боюнча ун тартуучулар ассоциациясы менен тиешелүү келишимдер түзүлдү. Акыркы келишимдер баалардын абалына оң таасирин тийгизип, бүгүнкү күндө 1-сорттогу унду 1 кг 43,6 сомдон сатып алууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы товарлардын орточо рыноктук наркы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана коңшу мамлекеттердин арасында эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

Улуттук статистикалык комитеттин мониторингине ылайык, октябрь айынан бери бир килограмм ундун баасы 46 тыйынга, өсүмдүк майы 3 сомго, кумшекер 77 тыйынга арзандады. Картошканын жана кой этинин наркы да бир аз арзандады.

Өткөн айдан бери уй эти 3 сомго, жумуртка 8 сомго, кара чай 1 сомго кымбаттады. Республика боюнча автобензиндин жана дизел отунунун бардык түрүнүн орточо наркы 1 сомго жакын арзандады.