Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусуна иш сапары менен келди. Төраганы Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев тосуп алып, алгач Баткен районунун Капчыгай айылына барышты. Алар Капчыгай айылдарында чек ара окуясында жабыркаган турак үйлөрдүн ордуна курулуп жаткан жаңы үйлөрдүн курулушунан кабар алып, облус башчысы калыбына келтирүү иштери боюнча маалымат берди.
Жогорку Кеңештин төрагасынын иш сапары андан ары Баткен районунун Достук айылында да уланып, жетекчилер калыбына келтирүү иштери менен таанышып, чек арачылар менен жолугушту.
Белгилей кетсек бүгүнкү күндө Баткен районунун Капчыгай айылында 40 турак үйдүн пайдубалы түптөлсө, 20 үйдүн дубалдары тургузулуп, курулуш иштери уланууда.
Ал эми Достук айылында 58 үй жана социалдык мекемелердин имараты салынууда.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы