Кыргызстан менен Россиянын ортосунда экономикалык кызматташтык программасына кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жакында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин алкагында КР экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов кыргыз-россия өкмөттөр аралык кеңешинин теңтөрагаларынын жыйынына катышты.

Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиянын жыйыны Бишкекте өттү.

Жолугушуунун алкагында КР министлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук өз ара сооданы диверсификациялоого жана көбөйтүүгө, эки өлкөнүн ортосундагы инвестициялык, илимий-техникалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган КР министрлер кабинети менен РФ өкмөтүнүн ортосундагы 2022-2026-жылдарга экономикалык кызматташуу программасына кол коюшту.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясы менен болгон соода жүгүртүү 2022-жылдын сегиз айында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2 млрд доллардан ашты.