Бүгүн республиканын энергетика тармагында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоодо үзгүлтүктөр байкалды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Маалым болгондой, абанын температурасынын кескин төмөндөшүнөн улам электр энергиясын керектөө бир топ өскөн. Электр жабдууларына жүктөлгөн жүктүн жогорулашына байланыштуу жана жабдууларды мүмкүн болгон авариядан сактап калуу үчүн автоматтык өчүрүүлөр орун алган.

«Убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз. Ошол эле учурда биз дагы калкты электр энергиясын үнөмдүү колдонууга, көп учурда энергияны көп талап кылган электр шаймандарын күйгүзбөөгө жана жылытуунун альтернативдүү түрлөрүнө өтүүгө чакырабыз. Азыр энергетика системасындагы абал турукташып калды», — деп айтылат маалыматта.