Ош облусунун Ноокат районунун 1995-жылы туулган Кадыров Санжарбек Саибжоновичтин паспорт алуусу үчүн баштапкы документтери калыбына келтирилди. Ал жаштайынан мекенин таштап кетүүгө аргасыз болуп, бул аралыкта Казакстанда иштеп жүргөн.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 10-ноябрда атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Санжарбек Кадыровду кабыл алып, Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун (ID-карта жана эл аралык паспорт) каттоого жана берүүгө негиз болгон калыбына келтирилген баштапкы документтерди тапшырды. Кадыровго Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алып берүү маселеси КР президенти Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө болгон.

«Ушул жылы 20-октябрда С.Кадыров Кыргыз Республикасынын Президентине (@tezkabar.official Instagram социалдык баракчасында) видео кайрылуу жолдоп, ага Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. 1998-жылы С.Кадыровдун ата-энеси ажырашып, атасы 3 баласын Казакстанга айыл чарба жумуштарына алып кеткен. Ал жакта С.Кадыров документинин жоктугунан мектепке барбай, талаада айыл чарба иштери менен алектенип жүргөн. 2010-жылы үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам С.Кадыров үй-бүлөсүн таштап, Алматы шаарында металл буюмдарын чыгаруучу цехтердин биринде иштеп жүргөн. 2021-жылы С.Кадыровдун атасы коронавирустан каза болуп, сөөгү Алматы облусунун Кайнар айылында коюлган», — деп айтылат маалыматта.

С.Кадыровдун айтымында, 2015-жылдан бери ал Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна бир нече жолу барган, бирок Кыргыз Республикасынын улуттук паспортун документтештирүү аракеттеринен КР паспортун берүү үчүн негиз болуп саналган ата-энесинин жана баштапкы документтеринин жоктугунан майнап чыккан эмес.