2022-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда орточо номиналдык айлык акы 25 миң 27 сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, былтыркы жылдын январь-сентябрь айларына караганда орточо айлык акы 27,9%га көбөйгөн.

Шокенов белгилегендей, эмгек акынын эң көп өсүшү искусство, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, коргоо, билим берүү, мамлекеттик башкаруу жана милдеттүү социалдык камсыздоо, тоо-кен, транспорт ишмердүүлүгү, жүктөрдү сактоо жана дүң жана чекене соода, унаа жана мотоцикл оңдоо тармагында иштегендердин арасында байкалган.